Конгодо коронавирустун үчүнчү толкуну башталды

Конгонун саламаттык сактоо министри Жан Жак Мбунгани жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1651693
Конгодо коронавирустун үчүнчү толкуну башталды

Конго Демократиялык Республикасында (КДР) коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын үчүнчү толкуну башталгандыгы айтылды.

Конгонун саламаттык сактоо министри Жан Жак Мбунгани жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, акыркы 4 жумада өлкөдө Ковид-19 оорусунун олуттуу өсүшү болгонун жана үчүнчү толкундун расмий башталгандыгын билдирди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өлкөдөгү өкүлчүлүгү да Мбунганинин билдирүүсүнөн бир нече саат мурун, Индия жана Түштүк Африка варианттары аныкталган өлкөдө учурлардын көбөйүшүнө көңүл бурган эле.

Калкынын саны болжол менен 86 миллион адамды түзгөн КДРда өткөн айда бейтаптардын саны төрт эсеге көбөйгөн.



Тектеш кабарлар