Европа Биримдиги Россиянын Чубаровго берген жазаны тааныбайт

Жосеф Борреллдин кеңсесинен берилген маалыматта  «Украинага таандык Симферополдогу орус сотунун» Чубаровго 2014 -  жылы массалык көтөрүлүштү уюштурду деген негиз менен 6 жыл абак жазасына тарткандыгы эскертилди.

1651487
Европа Биримдиги  Россиянын Чубаровго берген жазаны тааныбайт

Европа Биримдиги Россия мыйзам тышы аннекциялаган Крымдагы орус жогорку  соту тарабынан Крым Татар Улуттук Парламентинин спикери Рыфат Чубаровго берилген 6 жыл абак жазасын кабыл албай тургандыгын билдирди.

Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жосеф Борреллдин кеңсесинен берилген маалыматта  «Украинага таандык Симферополдогу орус сотунун» Чубаровго 2014 -  жылы массалык көтөрүлүштү уюштурду деген негиз менен 6 жыл абак жазасына тарткандыгы эскертилди.

Маалыматта : «Европа Биримдиги Крим жарым аралынын Россия тарабынан мыйзам тышы аннекциясын кабыл албайт. Ушул себептен мыйзам тышы бир соттун чыгарган чечими да кабыл алынбайт»,- деп билдирилди.

Чубаров тууралуу камоо чечиминин адам укуктарын бузуу жана Россия тарабынан Крым татар калкына жасалган куугунтуктоонун башка бир  мисалы экендиги белгиленген билдирүүдө Крым Татар Улуттук Парламнетине киргизилген тыюу салуунун дароо жоюлушу керектиги белгиленди.

Крым Татар Парламентинин спикери Владимир Константиновдун 2014 -  жылы февраль айында Башкы Ассамблеяда Крымды Россияга кошуу боюнча референдумду талкуулашарын билдирген. Ушул боюнча Крымдын Россияга кошулушун каалаган «Орус биримдиги» партиясы Крым автономиялуу республикасынын парламентинин алдында митингге чыгуу чечимин чыгарган.

Украинанын бүтүндүгүн жактаган Крым Татар Улуттук Парламенти да ошол эле күнү парламент алдында митинг уюуштурарын жарыялаган. Крым парламентинин алдында Крым Татар Улуттук Парламнети жана «Орус биримдиги» партиясы карама  - каршы келген чоң митингдерде 2 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар