Кытай жаңы муундагы метеорологиялык спутнигин космоско учурду

Жаңы муундагы спутник; аба ырайын божомолдоодо, талдоодо, экологиялык жана табигый кырсыктарга мониторинг жүргүзүүдө колдонулат.

1651207
Кытай жаңы муундагы метеорологиялык спутнигин космоско учурду

Кытай жаңы муундагы метеорологиялык спутнигин космоско жөнөттү.

Синьхуа агенттигинин жаңылыктарына караганда, "Fıngyun- 4B" деп аталган спутник Кытайдын Сычуань провинциясындагы Синьцзян Спутникти учуруу борборунан Long March-3B ракетасы менен учурулду.

Учурулгандан кийин спутниктин пландаштырылган орбиталык ордуна жайгашкандыгы маалымдалды.

Жаңы муундагы спутник; аба ырайын божомолдоодо, талдоодо, экологиялык жана табигый кырсыктарга мониторинг жүргүзүүдө колдонулат.

Спутниктин ишмердүүлүгүн Кытайдын Метеорологиялык башкармалыгы жүргүзөт.

Fıngyun 4B, 2016-жылы декабрда учурулган Fyngyun 4A спутниги менен метеорологиялык байкоо тармагын түзөт.



Тектеш кабарлар