Кабулда бомбалуу кол салуу болду

Кабулдун полиция департаментинин басма сөз катчысы Фердевс Фарамарз бул тууралуу маалымат берди.

1651177
Кабулда бомбалуу кол салуу болду

Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы бомбалуу кол салуудан төрт адам каза болду.

Кабулдун полиция департаментинин басма сөз катчысы Фердевс Фарамарздын айтымында, Кабулдун Чар Кале аймагында карапайым жарандарды ташыган унаага бомба менен кол салышты.

Кол салуудан 4 кишинин каза болгонун жана 4 кишинин жаракат алгандыгын билдирген Фарамарз, каза болгондордун саны көбөйүп кетет деп тынчсыздангандыгын билдирди.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Кечээ баш калаа Кабулда удаама-удаа болгон бомба чабуулдарында 10 адам каза болушту.

Ооган өкмөтүнүн айтымында, чет элдик күчтөр чыгып кете баштагандан бери өлкөдө бир айга жакын зомбулук күчөдү.



Тектеш кабарлар