Европа Биримдиги Түркия-Египет диалогун кубаттады

Мишель Египеттин президенти Абдулфеттах эс-Сиси менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1650802
Европа Биримдиги Түркия-Египет диалогун кубаттады

Европа Биримдиги (ЕБ) Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель, Түркия менен Египеттин ортосундагы диалогду кубаттаганын билдирди.

ЕБ Кеңешинин билдирүүсүнө ылайык, Мишель Египеттин президенти Абдулфеттах эс-Сиси менен телефон аркылуу байланышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык көйгөйлөр каралып, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги коопсуздук жана туруктуулук маселесинин да талкуулангандыгы айтылды.

Билдирүүдө: «Европа Кеңешинин төрагасы Мишель, ЕБнин Чыгыш Жер Ортолук деңизинде туруктуу жана коопсуз атмосфераны сактоого кызыкдар экендигин баса белгилеп, Египет менен Түркиянын учурдагы диалогун кубаттады» деген сөздөр камтылды.

Мишель менен Сисинин Жакынкы Чыгыштагы Тынчтык процессин да талкуулашканы, Мишелдин Египетке Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышпоону камсыздоо аракеттери үчүн ыраазычылык билдиргендиги маалымдалды. 



Тектеш кабарлар