Кытайдын учактары Малайзиянын аба мейкиндигине кирип кетти

Малайзия өкмөтү Кытайга каршылык көрсөттү.

1650132
Кытайдын учактары Малайзиянын аба мейкиндигине кирип кетти

Малайзия өкмөтү, Кытайдын 16 согуштук учагынын кечээ Малайзиянын аба мейкиндигине кирип кетишине каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министри Хишамуддин Хусейн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Малайзиянын аба күчтөрүнүн кечээки билдирүүсүнө таянып Малайзиянын Кытай өкмөтүнүн аба мейкиндигин бузгандыгына каршы дипломатиялык нота жөнөтөрүн маалымдады.

Хишамуддин: «16 согуштук учагынын Малайзиянын аба мейкиндигин жана юрисдикциясын бузгандыгы боюнча билдирүү жасашы үчүн Кытайдын Малайзиядагы элчиси Министрликке чакыртылат», деди.

Ошондой эле Малайзиянын аба мейкиндигинин бузулушуна байланыштуу тынчсыздануусун Кытайдын тышкы иштер министри Ван Иге билдирерин айтты.

Малайзиянын Кытайдагы элчилигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө болсо кечээки учуунун Малайзиянын аба мейкиндигинин эгемендигин бутага албаган кадимки машыгуу учуусу экени белгиленди.



Тектеш кабарлар