ICHR:«Израилдин Газага кол салууларында үй-бүлөлөрдү бардык мүчөлөрү менен өлтүрүү атайын жасалган»

Рамаллада жайгашкан Адам укуктары боюнча Көз карандысыз Комиссиянын «Акыйкатчы Аппараты» (ICHR) «2021-жылдын май айында Израилдин Газага кол салууларында кыйраган үй-бүлөлөр» деген отчетун жарыялады.

1648422
ICHR:«Израилдин Газага кол салууларында үй-бүлөлөрдү бардык мүчөлөрү менен өлтүрүү атайын жасалган»

Газадагы Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы кол салууларда Израилдин үй-бүлөлөрдү бутага алган 19 «кыргын» жасады деп билдирди.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүдө, ушул 19 кыргында 91 палестиналыктын, алардын 41и балдар жана 25 аялдын өмүрлөрүн алгандыгы белгиленди.

Кыргындарда бутага алынган үй-бүлөлөр жөнүндө маалымдалган билдирүүдө эң көп адам өлүмү Аль-Кулек үй-бүлөсүнө карай кол салууда катталганы жана үй-бүлөнүн 21 мүчөсү, анын ичинде 8 бала жана 6 аял, өз өмүрлөрүн жоготушкан.

Палестина өкмөтүнүн адам укуктары боюнча комиссиясы Израилдин 10-майда блокадага алынган Газа тилкесине кол салуулары учурунда үй-бүлөлөрдү бардык мүчөлөрү менен өлтүрүү пландуу жана атайын жасалган иш деп билдирди.

Рамаллада жайгашкан Адам укуктары боюнча Көз карандысыз Комиссиянын «Акыйкатчы Аппараты» (ICHR) «2021-жылдын май айында Израилдин Газага кол салууларында кыйраган үй-бүлөлөр» деген отчетун жарыялады.

Отчетто Израиль армиясынын баскынчы аймактагы ондогон турак жайларды түздөн-түз жана атайылап бутага алышы, адамдардын үйлөрүн талкалоосу, бүтүндөй үй-бүлөлөрдүн кыйрашына жана калктын каттоосунан өчүрүлүшүнө алып келгендиги белгиленди.

Израилдин бул кол салуулары учурунда палестиналык үй-бүлөлөрдүн бардык мүчөлөрүнүн өлтүрүлүшү «пландуу жана атайын уюштурулган ыкма» деп мүнөздөлдү.

Европа-Жер Ортолук деңиз Адам укуктары уюму (Euro-Med) тарабынан даярдалган докладга шилтеме жасап, Израиль аскерлери Газа тилкесиндеги үй-бүлөлөрдү түздөн-түз бомбалаган 31 учур документтештирилген; Бул кол салуулардан 96 адам, анын ичинде 44 бала жана 28 аял өз өмүрүнөн айрылган.

ICHR баяндамасында Эл аралык Кылмыш Сотунан оккупацияланган Израиль армиясынын кол салуулары жана адамзатка каршы согуш кылмыштары боюнча кылмыш ишин козгогону суралган.

Курчоого алынган Газа тилкесине Израиль 10-майда баштаган чабуулдар ХАМАС менен жетишилген ок атышпоого ылайык, 21-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 02: 00дө аяктады.

Израилдин Газага кол салуулары учурунда 66сы балдар жана 39у аялдардан турган 254 палестиналык шейит болуп, 1484 адам жаракат алышты.



Тектеш кабарлар