Иранда 5 баллдык жер титирөө болду
Ирандын түштүк-батыш тарабындагы Фарс провинциясынын Баба Монир районунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду.
1647793
Ирандын түштүк-батыш тарабындагы Фарс провинциясынын Баба Монир районунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду.
Тегеран университетинин сейсмология борборунун маалыматы боюнча, эпицентри Фарс провинциясынын Баба Монир району болгон жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 01: 05те катталды.
Жер титирөөнүн жердин 10 чакырым тереңдигигнде болгондугу билдирилди.
Өлкөнүн маалымат каражаттарынын билдиришинче, Фарс жана Кохгилуйе Буйер Ахмед провинцияларында сезилген жер титирөөдө өлүм - житим же материалдык чыгымдын болуп же болбогондугу тууралуу азырынча эч кандай маалымат бериле элек.