Байден АКШда антисемиттик кол салуулардын көбөйүшүнө тынчсызданып жатат

Байден жазуу түрүндө билдирүү жасап, өлкөдө көбөйүп жаткан антисемиттик чабуулдарга көңүл бурду.

1647837
Байден АКШда антисемиттик кол салуулардын көбөйүшүнө тынчсызданып жатат

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти (АКШ) Жо Байден, өлкөдө антисемиттик чабуулдардын көбөйүшүнө тынчсызданып жатышкандыгын жана мындай кол салууларга жол берилбей турганын билдирди.

Байден жазуу түрүндө билдирүү жасап, өлкөдө көбөйүп жаткан антисемиттик чабуулдарга көңүл бурду.

Акыркы бир нече жумада көбөйүп бараткан кол салуулардын "кабыл алынгыс" жана "АКШнын баалуулуктарына карама-каршы" экендигин белгилеген Байден, эч бир америкалыктын диний баалуулуктары жана ишенимдери үчүн коркутулушуна жол бербей тургандыктарын айтты.

Америкалык маалымат каражаттарында чагылдырылган жаңылыктарда, Израилдин палестиналыктарга кол салуу процесси менен биргеликте АКШнын айрым жерлеринде жөөттөргө каршы кол салуулар жана коркутуулар көбөйгөндүгү кабарланды.



Тектеш кабарлар