Синофарм вакцинасы 72, 8 пайыз таасирдүү

Кытайдын Синофарм вакцинасынын Ковид-19га каршы 72,8% таасирдүү экендиги жарыяланды.

1647503
Синофарм вакцинасы 72, 8 пайыз таасирдүү

Кытайдын Синофарм вакцинасынын Ковид-19га каршы 72,8% таасирдүү экендиги жарыяланды.

The National News маалыматына ылайык, Journal of American Medical Association тарабынан Бириккен Араб Эмираттарынан, Бахрейнден, Египеттен жана Иорданиядан келген 40832 ыктыярчыга изилдөө жүргүзүлгөн.

Ыктыярчыларга үч жумалык аралык менен вакцина же эмделген сыяктуу болуп көрүнгөн плацебо сайылды.

Изилдөөдө Синофарм вакцинасынын Ковид  - 19га каршы 72, 8 пайыз коргой алары аныкталды.



Тектеш кабарлар