Адамдар эң көп дегенде 120 жаштан 150 жашка чейин жашай алышат

Изилдөөнүн жыйынтыгы «Nature Communications» журналына жарыяланды.

1647093
Адамдар эң көп дегенде 120 жаштан 150 жашка чейин жашай алышат

Адамдар эң көп дегенде 120 жаштан 150 жашка чейин жашай алары аныкталды.

«The Hill» гезитиндеги кабарга ылайык, карылык менен стресстен чыгуунун ортосундагы байланышты иликтеген изилдөөнүн жыйынтыгы «Nature Communications» журналына жарыяланды.

Изилдөөнүн алкагында Британиядан жана АКШдан келген ыктыярчылардын стресске туруктуулугу өлчөндү.

Окумуштуулар ыктыярчылар улгайган сайын алардын айыгуу жөндөмү төмөндөгөнүн белгилешти.

Изилдөөнүн натыйжасында адамдар эң көп дегенде 120 жаштан 150 жашка чейин жашай алышары маалымдалды.

Изилдөөнүн лидери Тимофей В.Пырков, жаш өткөн сайын оорулардын айыгуу мөөнөтү узара тургандыгын айтты.

Изилдөөнүн жүрүшүндө ден-соолугу чың катышуучуларда да карылыктын негизги критерийлери бирдей экендиги баса белгиленип, оорунун алдын алуу же дарылоо аркылуу узак мөөнөткө өмүр сүрүүнүн мүмкүн эместиги аныкталды.



Тектеш кабарлар