Катардан Газага колдоо

Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман билдирүү жасады.

1646609
Катардан Газага колдоо

Катар Израилдин кол салууларынан катуу жабыркаган Газаны калыбына келтирүү үчүн 500 миллион долларлык колдоо көрсөтө тургандыгын жарыялады.

Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман Аль Тани Твиттердеги баракчасынан: «Биз Палестинадагы боордошторубуздун көз карандысыз мамлекетти орнотуп, адилеттүү жана туруктуу чечимге жетүүлөрү үчүн колдоо көрсөтүүнү улантабыз» деп билдирди.

Аль Тани, өлкөсүнүн Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль Танинин буйругу менен Газаны калыбына келтирүү үчүн 500 миллион долларлык гранд бөлгөнүн маалымдады.



Тектеш кабарлар