Израиль полициясы палестиналыктарды ур - токмокко алышты

Израиль полициясы оккупацияга алынган Чыгыш Кудста митингге чыккан палестиналыктарга кийлигишти.

1645961
Израиль полициясы палестиналыктарды ур - токмокко алышты

Израиль полициясы оккупацияга алынган Чыгыш Кудста митингге чыккан палестиналыктарга кийлигишти.

Күбөлөрдөн алынган маалыматка ылайык, Израиль сотунун Силван шаарындагы палестиналык үй-бүлөлөрдүн үйлөрүн боштуу чечимине нааразычылык билдирилди.

Палестиналыктардын нааразычылыгы боюнча, Чыгыш Иерусалимдеги Израиль Борбордук Сотунда кайрадан карала турган соттон мурда митинг өткөрүлдү.

Сот алдында чогулган 200дөй адам Израилге каршы ураандар менен чыгышты. Израиль күчтөрү митингге чыккандардан айрым кишилерди токмоктоп, бир кишини камоого алды.

Силван шаарынын Батин-аль-Хава кварталындагы палестиналыктар буга чейин Израил сотунун үйлөрүн бошотуу чечимине каршы чыгышкан жана иш кайрадан каралууга чечим чыгарылган.

Кварталдагы Палестиналыктардын укуктарын коргогон коргоо делегациясы бул чечимдин 86 үй  - бүлө менен 700гө жакын кишиге карата экендигин белгиледи.

Чечимдин аймакта жашаган башка палестиналыктар үчүн да үйлөрүнөн мажбурлоо менен чыгаруу коркунучун туудурушунан тынчсыздануулар жаралууда.



Тектеш кабарлар