ЕБ лидерлеринин саммити аяктады

Европа Биримдигинин лидерлери жакыр өлкөлөргө вакцина берүү боюнча макулдашышты.

1645597
ЕБ лидерлеринин саммити аяктады

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн жана эки күнгө созулган Европа Биримдигинин (ЕБ) лидерлеринин саммити аяктады.

Коронавирус (Ковид-19) пандемиясы жана климаттын өзгөрүшү талкууланган саммитте Европа Биримдигинин лидерлери жакыр өлкөлөргө вакцина берүү боюнча макулдашышты.

Лидерлер Бириккен Улуттар Уюмунун аз жана орто кирешелүү өлкөлөрдүн эмделишине бирдей мүмкүнчүлүк берүү программасын колдой тургандыктарын дагы бир жолу билдиришти.

Саммитте жыл аягына чейин кеминде 100 миллион доза вакцинаны жакыр өлкөлөргө берүү чечими кабыл алынды.

Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Европа Биримдигинде июль айынын аягына чейин калктын 70 пайызын толук эмдөө максатын көздөп жатышканын айтты.

Европалык лидерлер ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү маселесин талкуулашты. Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель: «Биз 2050-жылга чейин климатка зыян келтирбеген континент болуу боюнча жалпы максаттарыбызды дагы бир жолу тастыктадык»,- деди.

Лидерлердин күн тартибиндеги берки темалар Британия менен Европа Биримдигинин карым-катнаштары, Жакынкы Чыгыштагы окуялар, Россия жана Беларуссия болду.



Тектеш кабарлар