Израилдин Газага кол салуусунун кесепеттери
Жарандык коргонуу топтору Хан Юнустун чыгышында жүргүзгөн урандыларды тазалоо иштеринде кол салууларда шейит болгон 4 адамдын сөөгүнө да жетишти.
![Израилдин Газага кол салуусунун кесепеттери](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4dec/ab59/fe99/60ac96ad75d1d.jpg?time=1718873611)
![Gazze'de ateşkesin ardından sokaklar temizleniyor (11).jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9ff6/6e39/a6e0/60ab834e152b2.jpg?time=1718873611)
![Gazze'de ateşkesin ardından sokaklar temizleniyor (9).jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c48f/4852/8f30/60ab834836c47.jpg?time=1718873611)
![Gazze'de ateşkesin ardından sokaklar temizleniyor (8).jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8c81/ace3/af32/60ab8344d9814.jpg?time=1718873611)
![Gazze'de ateşkesin ardından sokaklar temizleniyor (6).jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7e78/9b1f/0f5b/60ab833f1197d.jpg?time=1718873611)
![Gazze'de ateşkesin ardından sokaklar temizleniyor (3).jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0c35/d4ea/56ba/60ab83368523d.jpg?time=1718873611)
Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулунан жаракат алган эки палестиналык дарыланып жаткан ооруканада көз жумду.
Жарандык коргонуу топтору Хан Юнустун чыгышында жүргүзгөн урандыларды тазалоо иштеринде кол салууларда шейит болгон 4 адамдын сөөгүнө да жетишти.
Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин Газада жасаган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин Газага кол салууларында шейит болгондордун саны 253кө өскөнү, алардын 66сы балдар жана 39у аялдар экени бөлүшүлдү.
Курчоого алынган Газа тилкесине 10-майда Израиль баштаган чабуулдар ХАМАС менен ок атышпоо келишимине ылайык, 21-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 02: 00дө аяктады.
Башка жагынан алганда, Израилдик аскерлер басып алынган Батыш Шериадагы Талмон жөөт конушунун жанынан өтүп бара жаткан 16 жаштагы баланы Израилдин унааларына таш ыргыткан деп айыптап, ок чыгарышты.
Далысынан жаракат алган балага операция жасалып, абалы жакшы экени маалым болду.
Израиль полициясы ошондой эле басып алынган Кудстун түндүгүндө жайгашкан Бейт Ханинада 10 жаштагы палестиналык баланы кармады.
Күбөлөрдүн айтымында, Израиль полициясы баланы бир нече убакытка чейин полиция унаасында кармагандан кийин коё берген.
Палестиналык баланы эмне үчүн кармашканы тууралуу маалымат берилген жок.