Иракта жарандык активисттерге карата кол салууларга нааразычылык билдирилди

Ирактык митингчилер өлкөдө таасирдүү болгон Ирак менен АКШга каршы да ураандарды жаадырышты.

1645409
Иракта жарандык активисттерге карата кол салууларга нааразычылык билдирилди

Ирактын борбор шаары Багдатта бир группа митингчи коомдук тейлөөнүн жетишсиздиги жана акыркы мезгилде жарандык активисттерге карата кол салууларга нааразычылык билдиришти.

Багдаттын Нусүр аянтында чогулган митингчилер митингге катышкан активисттердин өлтүрүлүшүнө каршы өкмөткө нааразычылык билдирип, канкорлордун кармалып, жазаландырылышын талап кылышты.  

Айрым жаштар активисттердин фотографиялары жана «Мени ким өлтүрдү?» деп жазылган плакаттар менен чыгышты.

Ирактык митингчилер өлкөдө таасирдүү болгон Ирак менен АКШга каршы да ураандарды жаадырышты.

Бул митинг үчүн соцтармактардан кызуу кампаниялар жүргүзүлдү.

Акыркы мезгилдерде Ирактын  түштүк шаарларында митингдерге жол башчылык кылган активисттер кол салууларда каза болду.



Тектеш кабарлар