Австрияда дарыгерлер картаң адамдын жаңылыш бутун кесишти

Австрияда жасалган хирургиялык операцияда 82 жаштагы бир бейтаптын жаңылыштык менен сол бутунун ордуна оң буту кесилди.

1644682
Австрияда  дарыгерлер картаң адамдын жаңылыш бутун кесишти

Австрияда жасалган хирургиялык операцияда 82 жаштагы бир бейтаптын жаңылыштык менен сол бутунун ордуна оң буту кесилди.

Австриянын Фрайстадт аймагындагы бир клиника картаң адамга жасалган операциядагы трагедиялуу жаңылыштыкты кабыл алды.

Түрдүү оорулары бар жана бул оорулардан эки буту тең таасирленгендиги белгиленген 82 жаштагы бир адамдын сол бутунун кесилиши керектиги аныкталды. Бирок операциядан мурда жаңылыш бутунун белгилениши менен картаң адам оорубаган бутун жоготту.

Клиникадан берилген маалыматта жаңылыштыктын бир нече жагымсыз абалдан келип чыккандыгы белгиленди.

Окуя тууралуу тергөө ишинин жүргүзүлүп жаткандыгы жана дагы бир жолу мындай жаңылыштыктын болбошу үчүн стандарттарынын каралары билдирилди. Өзгөчө бейтапка психологиялык жардамдын берилгендиги да белгиленди.



Тектеш кабарлар