Газадагы кыйроо асмандан тартылды

Учкучсуз учуучу аппараттар менен видео жана сүрөткө тартуулар Газадагы зыяндын абалын дагы даана көрсөттү.

1643901
Газадагы кыйроо асмандан тартылды
gazze-ap-Al Jazeera.jpg
israil polisi.jpeg

Израиль армиясынын курчоодогу Газа тилкесине кол салууларынан улам болгон ири кыйроолор асмандан тартылды.

Учкучсуз учуучу аппараттар менен видео жана сүрөткө тартуулар Газадагы зыяндын абалын дагы даана көрсөттү.

11 күндүн ичинде Израилдин абадан жана кургактан бомбалоолорунун натыйжасында айрым калктуу конуштар толугу менен талкаланып, айрым имараттар жарым-жартылай бузулуп, жараксыз абалга келген.

Газадагы Палестинанын эмгек жана отурукташуу министринин орун басары Нажи Серхан, Израилдин кол салууларында кеминде 2 миң имарат толугу менен кыйрап, 15 миң имарат жараксыз абалга келгенин айтты.

Кол салуулардан 4 мечит жана ондогон полиция бекеттери толугу менен кыйрады. Өнөр жай аймагындагы көптөгөн заводдор да жараксыз абалга келген. Палестинанын расмий өкүлү алдын-ала аныктамаларга ылайык, каржылык зыян 150 миллион доллардан ашканын айтты.

Палестинанын Маданият министрлиги ошондой эле Израилдин Газага кол салууларында жалпы маданият тармагынын чыгымы 3,5 миллион долларды түзгөнүн жарыялады.

Билдирүүдө кол салуулардын натыйжасында 44 мекеме, борбор жана маданий бирикмелер жарым-жартылай же толугу менен зыянга учурагандыгы белгиленди. Израиль тарабынан курчоого алынган Газа тилкесине 10-майда башталган чабуулдар, ХАМАС менен жетишилген ок атышпоого ылайык, 21-май күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 02: 00дө аяктады.

Кол салууларда  66сы балдар жана 39у аялдардан турган 248 палестиналык шейит болду, 1948 адам жаракат алышты жана 120 миңден ашуун адам үйлөрүнөн жер которушту.



Тектеш кабарлар