Орусия Япониядан жооп күтүүдө

Михаил Галузин: «Биз Япония менен Sputnik вакцинасы боюнча кызматташууга даярбыз»

1643562
Орусия Япониядан жооп күтүүдө

Орусиянын Токиодогу элчиси Михаил Галузин, өлкөсүнүн коронавируска каршы иштеп чыккан Sputnik-V вакцинасын экспорттоого жана өндүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Орусиянын элчиси Галузин пресс-конференцияда, өлкөсүнүн Японияга вакциналар менен камсыз кылуу боюнча буга чейинки сунушун эске салып: «Биз Япония менен Sputnik вакцинасына байланыштуу кызматташууга даярбыз», деди.

Sputnik-V вакцинасынын дүйнөнүн 65 өлкөсүндө колдонууга уруксат берилгенин жана Индия менен катар кээ бир өлкөлөрдө өндүрүлүп жаткандыгын айткан Галузин, орусиялык вакцинанын экспорту жана Японияда өндүрүү боюнча япон өкмөтүнөн жооп күткөндөрүн айтты.

Япония өкмөтү, Covid-19га каршы Pfizer вакцинасын колдонууга февраль айында, Moderna жана AstraZeneca вакциналарына болсо ушул жуманын ичинде уруксат берген болчу.



Тектеш кабарлар