Нидерландияда бычактуу кол салуу болду
Кол салууда 1 адам каза болуп, 4 адам жаракат алды.
1643689
Нидерландиянын борбору Амстердамда бычактуу кол салууда 1 адам каза болуп, 4 адам жаракат алды.
Амстердам полициясынын твиттердеги билдирүүсүндө, Фердинанд Болстрататта бир адамдын 5 кишиге бычак менен кол салгандыгы билдирилди.
Кол салууга учураган 5 адамдын бирөөсү окуя болгон жерде каза болуп, жаракат алган 4 адам ооруканага жаткырылып, кол салган адамдын кармалып, камакка алынгандыгы маалымдалды.
Полиция 29 жаштагы кол салуучунун ким экендигине байланыштуу маалымат берген жок.