Палестинанын премьер-министри эл аралык аракеттерге ыраазы

Иштийе Израиль менен ХАМАСтын ортосунда жетишилген ок атышпоо келишими күчүнө киргенден кийин билдирүү жасады.

1643050
Палестинанын премьер-министри эл аралык аракеттерге ыраазы

Палестинанын премьер-министри Мухаммед Иштийе, Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулун токтотуу үчүн жумшалган эл аралык аракеттерди жогору баалады.

Палестинанын WAFA расмий маалымат агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, Иштийе Израиль менен ХАМАСтын ортосунда жетишилген ок атышпоо келишими күчүнө киргенден кийин билдирүү жасады.

Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларын токтотуу үчүн Египет баш болгон бардык эл аралык аракеттерге ыраазы экендиктерин билдирген Иштийе: «Израиль бул коркунучтуу 11 күндүк согуш учурунда өлтүрүү, коркутуу жана геноцид сыяктуу кылмыштарды жасады», деди.

Кол салууларда Израилдин 20дан ашуун үй-бүлөнү бардык мүчөлөрү менен «жок кылганын» айткан Иштийе, аялдар менен балдарга каршы жасалган кылмыштарды Эл аралык Кылмыш Сотуна да алып бара тургандарын белгиледи.

Израиль менен ХАМАСтын ок атышпоо келишими жергиликтүү убакыт боюнча саат 02: 00дө күчүнө кирди.

10-майдан бери Израилдин Газага кол салууларынан 232 палестиналык, анын ичинде 65 бала жана 39 аял каза болду.



Тектеш кабарлар