Internet Explorerдин доору аяктап баратат

Microsoft Internet Explorerди жойо тургандыгын жарыялады.

1642865
Internet Explorerдин доору аяктап баратат

Internet Explorer бир убактар эң көп колдонулду. Көптөгөн киши интернет менен   Explorer аркылуу таанышты. Бирок , Explorer доору акырына чыгууда. Microsoft Internet Explorerди жойо тургандыгын жарыялады.

АКШлык программа фирмасы  Microsof биринчи жолу 1995 -  жылы колдонууга сунуш кылган  Internet Explorer көптөгөн жылдар популярдуу болду. Бирок, убакыттын өтүшү менен Internet Explorer ар кандай браузерлерге тактысын алдырып аз колдонула баштады. Ал түгүл Internet Explorerдин базар үлүшү 2 пайыздан да төмөндөдү.

Акыркы мөөнөт 2022 -  жылдын 15 -  июну деп белгиленди.  Ушул боюнча Microsoft аракетке өттү. Интернет Explorerди жоюну пландагандыгын билдирди.

Азыркы учурда колдонулуп жаткан Windows программасынын айрым версиялары  2022 -  жыл 15 -  июндан тарта  колдоого алынбай тургандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар