Германияда жаңы мечиттин жана маданий борбордун пайдубалы түптөлдү

Мечит менен маданий борбордун 2-3 жылдын ичинде пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.

1643250
Германияда жаңы мечиттин жана маданий борбордун пайдубалы түптөлдү

Германиянын Бавария аймагындагы Шробенхаузен шаарында Түрк-Ислам Дин иштери Биримдигине караштуу Борбордук Фатих мечитинин жана Маданий борборунун пайдубалы түптөлдү.

Пайдубалы түптөлгөн мечит менен маданий борбор 6 миң чарчы метр жерде 1700 чарчы метр аянтты ээлейт.

Бир мунаралуу, эки кабат жана эки бөлүктөн турган мечитте 350 эркек, 200 аял жалпы 550 киши ибадат кыла алат. Долбоорго китепкана, 400 орундуу жыйындар залы, класс, жаштар жана аялдар борбору, клуб жана 100дөн ашык унаа токтоочу жай кирет.

Мечит менен маданий борбордун 2-3 жылдын ичинде пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар