БУУ менен ЕБ Газадагы ок атышпоону кубатташты

Гутерриш менен Мишель билдирүү жасады.

1643026
БУУ менен ЕБ Газадагы ок атышпоону кубатташты
Charles Michel.jpg

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антонио Гутерриш жана Европа Биримдиги (ЕБ) Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Израиль менен ХАМАСтын ок атышпоосун кубатташты.

Гутерриш Израиль менен ХАМАС ок атышууну токтоткондон кийин БУУнун башкы кеңсесинде билдирүү жасап: «11 күндүк жаңжалдан кийин Газа менен Израилдин ортосундагы ок атышпоо келишимине канагаттандым. Тараптарды ок атышпоо келишимин ишке ашырууга чакырам»,-деди.

Ок атышпоонун камсыздалышында Египеттин жана Катардын аракеттерине да токтолгон Гутерриш, эл аралык коомчулуктан да Палестина элин жана мекемелерин калыбына келтирүү үчүн БУУ менен кызматташууну суранды.

Израилдин жана Палестинанын лидерлеринин олуттуу диалогду баштоо үчүн тынчтыкты орнотуудан тышкары дагы бир жоопкерчилиги бар экендигин белгилеген Гутерриш Израиль менен Палестинаны;  БУУ, АКШ, ЕБ жана Россиядан турган Жакынкы Чыгыш квартети баш болгон эл аралык жана аймактык актерлор менен эки мамлекеттүү чечим боюнча маанилүү сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырды.

Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель да ок атышпоо жарыялангандан кийин социалдык тармактарда билдирүү жасап: «Мен Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы 11 күндүк жаңжалды токтоткон ок атышпоо келишимин кубаттайм»,-деди.

Мишель тынчтык жана коопсуздук мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоо керек деп билдирди.

Израиль менен ХАМАСтын ок атышпоо келишими жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:00дө күчүнө кирди.

10-майдан бери Израилдин Газага кол салууларынан 232 палестиналык, анын ичинде 65 бала жана 39 аял каза болду.



Тектеш кабарлар