ЕБ BioNTech-Pfizer менен жаңы келишим түздү
Урсула фон дер Ляйен, BioNTech-Pfizer менен 3-келишимдин түзүлгөнүн жарыялады.
Европа Биримдиги (ЕБ) германиялык BioNTech-Pfizer компаниясы менен жалпы 1,8 миллиард доза коронавирус (Ковид-19) вакцинасын сатып алуу боюнча келишим түздү.
Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен социалдык медиа баракчасынан, Ковид-19 вакцинасын сатып алуу боюнча BioNTech-Pfizer менен 3-келишимдин түзүлгөнүн жарыялады.
Жаңы келишимге ылайык, BioNTech-Pfizerдин ЕБге 2023-жылга чейин жалпысынан 1,8 миллиард доза кошумча вакцина бере тургандыгына көңүл бурган Фон дер Ляйен, вакциналардын эпидемияга жана жаңы варианттарга каршы күрөшүүгө салым кошо тургандыгын билдирди.
Фон дер Ляйен, ЕБнин узак мөөнөттүү келечекте башка компаниялар менен да ушундай эле келишимдерди түзө алаарын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.