Антарктидадагы эң ири айсберг

"А-76" деп аталган айсбергдин бетинин аянты болжол менен 4 миң 320 чарчы километрди түзөт.

1642465
Антарктидадагы эң ири айсберг

Дүйнөдөгү эң чоң айсберг Антарктидада пайда болду.

Европанын Космос Агенттиги (ESA) Антарктиданын Веддел деңизиндеги муз массасынан ири муз бөлүгүнүн бөлүнүп чыккандыгын жана бул бөлүктүн дүйнөдөгү эң чоң айсбергди пайда кылгандыгын жарыялады.

"А-76" деп аталган айсбергдин бетинин аянты болжол менен 4 миң 320 чарчы километрди түзөт жана узундугу 175 чакырым, туурасы 25 чакырым.

"А-76" Ронне муз аянтынан бөлүнүп чыкты жана алгач Британиянын Антарктида изилдөө кызматы тарабынан байкалды.

Аны полярдык орбитада айланган эки спутникти камтыган Коперник Сентинел-1 да көрсөттү.

Америка Кошмо Штаттарынын Улуттук Муз Борбору айсбергди Коперник Сентинел-1ден алынган фотосүрөттөрдү колдонуп ырастады.



Тектеш кабарлар