Бозкыр: «БУУнун Башкы Ассамблеясы Палестина үчүн чогулат»

БУУнун 75-Башкы Ассамблеясынын төрагасы Волкан Бозкыр бул тууралуу Твиттерден бөлүштү.

1640991
Бозкыр: «БУУнун Башкы Ассамблеясы Палестина үчүн чогулат»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы бейшемби күнү Израилдин Палестинага кол салууларын талкуулоо үчүн чогулат.

БУУнун 75-Башкы Ассамблеясынын төрагасы Волкан Бозкыр Твиттерде Башкы Ассамблеянын бейшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 10: 00дө чогулуп, Израилдин Палестинага кол салууларын талкуулай тургандыгын жарыялады.

Бозкыр билдирүүсүндө: «БУУнун Башкы Ассамблеясын Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) атынан Нигер жана Араб тобунун атынан Алжирдин туруктуу өкүлдөрүнүн биргелешкен кол коюлган катында орун алган кайрылуусунун негизинде, оккупацияланган Палестина аймактарындагы оор кырдаалды талкуулоо үчүн 20-май, бейшемби күнү саат 10: 00дө чогултам»,деген сөздөргө орун берди.

Тышкы иштер министрлиги, Израилдин Палестинага кол салууларын талкуулоо үчүн өткөрүлө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйналышына тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун дагы катыша тургандыгын жарыялады.



Тектеш кабарлар