Белгилүү модель Белла Хадид Палестинага колдоо көрсөттү
Белгилүү модель Хадид инстаграмдан билдирүү жарыялап «Палестинанын эркиндигине» колдоо көрсөттү.
Палестина тектүү америкалык белгилүү модель Белла Хадид соцтармактан Палестинага колдоо көрсөтүп, Израилдин кол салууларына каршы чыкты.
Белгилүү модель Хадид инстаграмдан билдирүү жарыялап «Палестинанын эркиндигине» колдоо көрсөттү.
Хадид ишемби күнү Нью Йоркто болгон жана өзү да катышкан Палестинага колдоо жүрүшүнөн кадрларды да жарыялап : «Ушунчалык жакшы, акылдуу, урмат - сыйлуу, боорукер, кең пейил палестиналыктын жанында болуу. Бир бүтүн сезип жатам. Палестина эркин болгонго чейин Палестинага эркиндик».
42 миллиондон ашуун катталуучусу бар Хадиддин билдирүүсүнө 30 000ден ашуун киши өз пикирлерин калтырышты. Көп сандаган кишинин да Палестинага эркиндик тууралуу билдирүүлөрдү жарыялашы көңүлдөрдү бурду.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа жана Рефахка кол салуулары...
Израилдик күчтөр Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын чыгышындагы аймактарга кирди.