Орусия АКШны достук мамиледе болбогон өлкөлөрдүн тизмесине кошту

Орусия достук мамиледе болбогон өлкөлөрдүн тизмесин жана бул өлкөлөргө карата көрүлүп жаткан чараларды жарыялады.

1639578
Орусия АКШны достук мамиледе болбогон өлкөлөрдүн тизмесине кошту

Орус өкмөтү, Орусияга каршы достукка жатпаган аракеттерди жасаган өлкөлөрдүн катарына Америка Кошмо Штаттарын (АКШ) жана Чехияны кошууну чечти.

Орусия достук мамиледе болбогон өлкөлөрдүн тизмесин жана бул өлкөлөргө карата көрүлүп жаткан чараларды жарыялады. Тизмеге Орусияга каршы иш-аракет кылган өлкөлөр катары АКШ менен Чехия кирди.

Буга ылайык, Чехиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү Орусиядагы 19 чыныгы адам менен эмгек келишимин түзө алышат. Ал эми АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү болсо бул адамдар менен эмгек келишимин түзө алышпайт.

Орусиянын президенти Владимир Путин 23-апрелде чет мамлекеттердин достукка жатпаган аракеттерине каршы чараларды көрүү чечимине кол койгон болчу. 



Тектеш кабарлар