Газа тилкесиндеги жалпы чыгым 70 миллион доллардан ашты

Израиль зулумдугун улантып жатат.

1639588
Газа тилкесиндеги жалпы чыгым 70 миллион доллардан ашты

Израиль, курчоого алынган Газа тилкесине чабуулун 10-майдан бери улантып жатат.

Үйлөрдү, көчөлөрдү бомбалап күнөөсүз жарандарды өлтүргөн Израиль, бир жагынан да коммерциялык мекемелерди, инфраструктура, айыл чарба жерлерин, банктар сыяктуу буталарды аткылап Газаны кыйратууда.

Газа тилкесиндеги Өкмөттүн маалымат кеңсесинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 500 калктуу конуштун толугу менен кыйрагандыгы же чоң зыянга учурагандыгы, 3500 калктуу конуштун чабуулдарда зыян тарткандыгы белгиленди.

Жарандар жашаган 32 көп кабаттуу үйдүн жер менен жексен болгондугуна көңүл бурулган билдирүүдө, ондогон бирикмелер менен кеңселер жана 23 медиа борборунун толугу менен талкалангандыгы кабарланды.

Газа тилкесиндеги жалпы чыгым 70 миллион доллардан ашып, кыйраган имараттар менен кыймылсыз мүлк секторундагы зыяндын 25 миллион долларга жеткендиги белгиленди.

Израилдин кол салууларында мал чарба фермалары, талаалар, кудуктар, сугат тармактары жана 100гө жакын унаа жабыркагандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар