Донбасста Украинанын 1 аскери каза болду
Украина куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматта жикчилдердин снайперлери ок атып 1 Украина аскеринин каза болгондугу билдирилди.
1639346
Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында Россия жактоочусу жикчилдердин ок атуусу менен Украинанын 1 аскери каза болду.
Украина куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматта жикчилдердин снайперлери ок атып Украинанын 1 аскеринин каза болгондугу билдирилди.
Донбасс аймагындагы кризистин чечилиши тууралуу Россия, Украина жана ЕККУдан турган Үчтүк группасы 2020 -жыл 27 -июлдан тарта кенен түрдөү ок атышпоо чечимин кабыл алган.
Аймакта көз карандысыздыгын жарыялаган Россия жактоочусу жикчилдер менен Киев башкаруусунун ортосунда 2014 -жылдан бери келе жаткан кагылышууларда 13 000ден ашуун киши каза болду.