АКШнын президенти Жо Байден : "Эмдөөдөн өткөндөрдүн беткап тагуусуна кажет жок"

Байден : «Эмдөөдөн өтүп патриоттук милдетиңиздерди аткардыңыздар. Эми эреже абдан жөнөкөй, эмдөөдөн өтүңүз жана эмдөөдөн өткөнгө чейин беткапты тагыңыз»,- деди.

1639369
АКШнын президенти Жо Байден : "Эмдөөдөн өткөндөрдүн беткап тагуусуна кажет жок"

АКШнын президенти Жо Байден Ковид- 19га каршы толугу менен эмделген адамдардын беткап тагуусунун кажети жок деп билдирди.

Байден АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борборунун Ковид- 19 эрежелерине байланыштуу жаңы бир билдирүү жарыялагандан кийин Ак үйдүн короосунда маалымат берди.

«Бүгүн АКШда коронавирус менен күрөшүүбүздө эң сонун күн»,- деген Байден : «АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борбору толугу менен эмделген адамдардын бет кап тагуу сыяктуу мажбурдуулугу жок экендигин жарыялады»,- деди.

Байден бул чечимдин артында эмдөөдөгү ийгиликтердин жаткандыгын баса белгилеп : «114 күндө 250 миллион доза эмдөө бердик. Мунун жыйынтыктарын да көрүп жатабыз. 50 штаттын 49зундабейтап саны төмөндөдү»,- деп билдирди.

Эпидемиянын башынан бери ооруканага жатуу катнашынын эң төмөнкү деңгээлинде экендигин белгилеген Байден АКШ калкынын акыркы 1 жылда көрсөткөн сабыр жана чыдамдуулугунун колдоого алынаарлык экендигин баса белгиледи.

Байден : «Эмдөөдөн өтүп патриоттук милдетиңиздерди аткардыңыздар. Эми эреже абдан жөнөкөй, эмдөөдөн өтүңүз жана эмдөөдөн өткөнгө чейин беткапты тагыңыз»,- деди.



Тектеш кабарлар