Аарылар Ковид-19ду аныктоодо

Илимпоздор аарыларды үйрөтүүдө Павловдун Ити деп аталган белгилүү эксперименталдык ыкманы колдонушту.

1636121
Аарылар Ковид-19ду аныктоодо

Нидерландияда илимпоздор коронавирусту (Ковид-19) аныктоо үчүн аарыларды үйрөтө башташты.

Вагенинген университетинин окумуштуулары аарыларды үйрөтүүдө Павловдун Ити деп аталган белгилүү эксперименталдык ыкманы колдонушту.

Тренингде үлгүлөрдөн вирус тапкан аарыларга шекердүү суу берилди. Вирус таппагандарга берилген эмес.

Окумуштуулар аарылар вирустарды бир нече секунданын ичинде аныктай аларын бул болсо учурдагы ыкмалардын күтүү убактысын кыйла кыскартат деп билдиришти.



Тектеш кабарлар