Жалпы дүйнөдө акыркы жумада дагы көп Ковид - 19 бейтабы катталды
ДСУ бейтаптардын олуттуу санга жеткендигин маалымдады.
1633746
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму ДСУ жалпы дүйнөдө акыркы жумада пандемиянын алгачкы алты айынан дагы көп Ковид - 19 бейтабынын аныкталгандыгын билдирди.
ДСУ бейтаптардын олуттуу санга жеткендигин маалымдады.
Жалпы дүйнөдө бейтап саны 154 миллион, каза болгондордун саны 3 миллион 226 000ден ашты.
ДСУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесустун айтымында, акыркы эки жумада оорунун саны пандемиянын алгачкы 6 айына салыштырмалуу көп.
Гебрейесус өткөн жумадагы бейтаптардын жарымынан көбүнүн Бразилия жана Индияда катталгандыгын айтты.