Сирияда Асад режими амнистия мыйзамын чыгарган күнү 59 киши камакка алынды

Дейр-эз-Зор районунда  Асад режиминин аскердик коопсуздук күчтөрү Жура мааласында  15 жаш дезертир деген негиз менен камакка алынды.

1633090
Сирияда Асад режими амнистия мыйзамын чыгарган күнү 59 киши камакка алынды

Сирияда Башар Асад режими кечээ толугу менен анмнистия жарылап бирок түрдүү себепер менен 59 жашты камоого алды.

Кечээ амнистия мыйзамын жарыялаган Асад режимине караштуу аскердик коопсуздук күчтөрү, 4-дивизиянын жана аба чалгындоо бөлүмдөрүнүн аскердик коопсуздук күчтөрү Дейр-эз-Зор жана Мейадин провинциясында көптөгөн жаштарды камакка алышты.

Дейр-эз-Зор районунда  Асад режиминин аскердик коопсуздук күчтөрү Жура мааласында  15 жашты дезертир деген негиз менен камакка алып,  Кусур районунан 8 жашты "мыйзамсыз" акча которду деген негиз менен камакка алган.

Бир тараптан Башар Асаддын бир тууганы Махир Аседдин жетекчилигиндеги 4-дивизия Хамидийе, Юбелье жана Кусур райондорундагы 23 жашты бул мааладан  жооптуу кызматкерлерге "пара бербегендиги" үчүн камакка алган.  

Абадан чалгындоо бөлүмү да Мейадин районунда белгисиз себептер менен 13 адамды кармады. Ушундайча Асад режими толук амнистия мыйзамын жарыялаган күнү Дейр-эз-Зор менен Мейадин районунда 59 кишинин камакка алган болду.



Тектеш кабарлар