Германияда ПККнын 5 мүчөсүнө абак жазасы берилди

Өкүмдө, ПККга Германияда 1993-жылдан бери тыюу салынгандыгы жана Европа Биримдиги тарабынан террористтик уюм катары эсептелгендиги эске салынды.

1631832
Германияда ПККнын 5 мүчөсүнө абак жазасы берилди

Германияда террордук уюм ПККнын 5 мүчөсүнө абак жазасы берилди.

Штутгарт Жогорку Мамлекеттик Сотунун (OLG) билдирүүсүндө, террористтик уюмдун мүчөсү болуу жана адам уурдоого катышкан деген негизде Вейсел С 4 жыл 3 ай, Агит К 4 жыл, Өзкан Т 3 жыл, Эврим А 1 жарым жыл жана Жихан А 1 жарым жылга эркинен ажыратылганы кабарланды.

Өкүмдө, ПККга Германияда 1993-жылдан бери тыюу салынгандыгы жана Европа Биримдиги тарабынан террористтик уюм катары эсептелгендиги эске салынды.

Билдирүүдө ошондой эле: «Түркиянын түштүк-чыгышында карапайым адамдарга бир нече жолу зыян келтирген ПКК, түрк полиция кызматкерлерине жана аскерлерине кол салууларды жүргүзүп жатат. ПКК Түркиядагы кол салуулары аркылуу киши өлтүрүүнү максат кылат. ПККнын Германияда жана Батыш Европада уюштуруу түзүмдөрү бар. Мүчөлөрүнүн уюм үчүн фонд түзүү, ПККга колдоочуларды тартуу жана коомдук пикирге таасир этүү үчүн үгүттөрдү пландаштыруу сыяктуу милдеттери бар» деп белгиленди.



Тектеш кабарлар