АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен келерки жумада Украинага барат

АКШ менен Россиянын ортосундагы Украина кризиси уланып жатканда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен келерки жумада Киевге барат.

1631106

АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен Американын  CBS каналында жуманын акырында жарыялана турган маегинин биринчи бөлүгүндө Украинадагы акыркы абалдарды талкуулоо үчүн Украинага барарын ырастады.

Блинкен маегинде : «Азыркы учурда Украина чек арасындагы аскерлердин жайгашуусу Россия Крымды басып алган 2014 -  жылдагыдан дагы көп. Путин мырзанын максатын билгенибизди айта албайм. Ал жасай турган жана жасабай турганын тандай ала турган көптөгөн жагдай бар»,- деди.

Акыркы күндөрдө орус аскерлеринин аймактан чыгуу процессин да жакындан иликтешкендерин белгилеген Блинкен АКШнын Украинага берген колдоосун дагы бир жолу кайталады.

Тектеш кабарлар