Зеленский: «Путин менен жолугушуу үчүн Ватикан идеалдуу»
Зеленский Италиянын «La Republika» гезитине маек куруп берди.
![Зеленский: «Путин менен жолугушуу үчүн Ватикан идеалдуу»](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/96d8/d785/35eb/6076f8c2bd2f0.jpg?time=1718789008)
Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу жери катары Ватикандын ылайыктуу экенин айтты.
Зеленский Италиянын «La Republika» гезитине берген маегинде Путин менен жолугушуусун ишке ашыра тургандыгын жана бул Донбасстагы согушту токтотуу үчүн керектүү экенин билдирди.
"Жолугушуу жеринин Ватикан болушу мүмкүнбү же жокпу" деген суроого Зеленский Ватикандын тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн идеалдуу жер экендигин айтты.
Зеленский Ватикандын бейтарап экениндигин жана берки "оюнчулардан" бөлүнгөнүн белгиледи.
Зеленский 26-апрелде Украинанын Президенттик Аппаратынын жетекчиси Андрий Ермакка Путин менен жолугушууну уюштурууну тапшыргандыгын билдирген болчу.
Тектеш кабарлар
![Израиль күчтөрү Батыш Шериада зулумдугун улантууда](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/3f67/29b3/2e02/667280a505092.jpg?time=1718789009)
Израиль күчтөрү Батыш Шериада зулумдугун улантууда
Израиль аскерлери жүргүзгөн рейддерде 1 палестиналык өлтүрүлүп, көп сандаган палестиналык жараланды.