АКШ Афганистандагы аскердик техникасын ташый баштады

АКШнын үч коргонуу кызматкери АКШнын Ооганстандан чыгып кетүү жараяны боюнча CNNге маалымат беришти.

1627503
АКШ Афганистандагы аскердик техникасын ташый баштады

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) президент Жо Байден Ооганстандан 11-сентябрга чейин чыгып кетерин жарыялагандан кийин аскердик техникаларын алып кете башташты.

Ысымдары айтылбаган АКШнын үч коргонуу кызматкери АКШнын Ооганстандан чыгып кетүү жараяны боюнча CNNге маалымат беришти.

Алардын бирөө АКШнын чыгарып кетүү процессинде, жок кылына албаган же ооган күчтөрүнө жеткириле албаган курал-жарактардын өлкөдөн кеме менен чыгарыла баштаганын билдирди.

Жетекчинин маалыматына караганда, колдонууга жараксыз куралды жеринде жок кылуу чечими кабыл алынган.

Берки жетекчи болсо Ооганстандагы 2500дөй аскерди чыгарып кетүү “бир нече жуманын ичинде” башталбайт деди.

Экинчи жагынан, Коргоо министрлиги (Пентагон) чыгып кетүү процесси учурунда АКШ аскерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аймакка бөлүктөрүнүн жайгаштырылышын бекитти.



Тектеш кабарлар