Зеленский-Гутерриш сүйлөшүүсү

Зеленский сүйлөшүүдө Гутерришке ыраазычылык билдирди.

1626236
Зеленский-Гутерриш сүйлөшүүсү

Украинанын президенти Владимир Зеленский Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антонио Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Украинанын чыгышындагы коопсуздук абал жана Орусиянын аскердик жайлары талкууланды.

Зеленский сүйлөшүүдө Гутерришке Украинанын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Зеленский Крым жана Донбасстагы БУУнун Адам укуктарын байкоо миссиясынын маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Сүйлөшүүдө тараптар коронавируска каршы вакцинанын адилеттүү жеткирилиши жана август айында өтүүчү Крым Платформасын да талкуулашты.



Тектеш кабарлар