Түндүк Ирландияда зомбулуктар кайрадан башталды
Принц Филиптин жаназа зыйнатынан улам токтогон зомбулук аракеттери жаназа зыйнатынан кийин кайрадан башталды.
1624760
Түндүк Ирландиянын борбор шаары Белфаста Британия жана биримдиктин жактоочуларынын принц Филиптин жаназа зыйнатынан улам токтоткон зомбулук аракеттери жаназа зыйнатынан кийин кайрадан башталды.
Европа Биримдиги менен түзүлгөн Брексит келишими боюнча Түндүк Ирландия жана Бириккен Королдуктун калган бөлүгүнүн ортосундагы сооданы чектеген жобого каршы чыккан протестанттар кайрадан нааразычылык акциясына чыгышты.
От жагып жолду жапкан митингчилер полицияга таш жана шише ыргытышты. Полиция группанын католиктер жашаган жерге өтүүсүнө уруксат берген жок.
29 - мартта башталган окуялар принц Филипптин 9 - апрелде каза болушу менен токтотулуп бирок биримдик жактоочулары 17 - апрелде өткөн жаназа зыйнатынан кийин жарандык баш ийбөөгө үндөшкөн.