Колумбияда кенде калган шахтерлордун сөөктөрү табылды
Колумбияда 2010-жылы көмүр шахтасындагы жарылууда 73 адамдын каза болушу "өлкөнүн тарыхындагы эң каргашалуу кырсык" болуп катталган.
Колумбиянын ортоңку бөлүгүндөгү башкаруу аймагы Калдаста 30 - мартта катуу жамгыр жаашы менен суу баскан шахтада камалып калган 11 кишинин сөөгү 21 күндөн кийин табылды.
Улуттук тоо -кен агенттигинен берилген маалыматта Неира шаарына караштуу Ел Бускуе айылындагы мыйзамсыз иштетилген алтын кенинде иштеген 11 шахтердун сууга чөгүп каза болгондугу билдирилди.
Колумбияда мыйзамсыз иштетилген кендерди издөөдө коопсуздук чараларынын жетерсиздиги жана көзөмөлдөөдөгү кемчиликтерден улам адам өлүмүнө алып келген кырсыктар болууда.
ANMдин маалыматы боюнча, 2020-жылы 161 шахта кырсыктарынан 171 адам каза болсо, жыл башынан бери 27 шахта кырсыгында 43 шахтер каза болгон.
Колумбияда 2010-жылы көмүр шахтасындагы жарылууда 73 адамдын каза болушу "өлкөнүн тарыхындагы эң каргашалуу кырсык" болуп катталган.
Тектеш кабарлар
Орусия Новокалиновону көзөмөлгө алды
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.