Россия бир миллион мигрантты депортациялайт

Горовой КМШнын парламенттер аралык жыйынында сүйлөгөн сөзүндө КМШ өлкөлөрүнүн Россияда мыйзамсыз жүргөн жарандарын кайтарып алышы керектигин айтты.

1622945
Россия бир миллион мигрантты депортациялайт

Россиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен (КМШ) Россияга барган бир миллиондон ашуун "мыйзамсыз" мигранттын депортацияланышынын пландалганын билдирди.

Горовой КМШнын парламенттер аралык жыйынында сүйлөгөн сөзүндө КМШ өлкөлөрүнүн Россияда мыйзамсыз жүргөн жарандарын кайтарып алышы керектигин айтты.

Бул мигранттардын Россиядан 15-июнга чейин кетиши керектигин белгилеген Горовой: «Учурда Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн жарандар көп. Россиянын президенти Владимир Путиндин жарлыгына ылайык, эгерде бул адамдар 15-июнга чейин Россиядан чыгып кетпесе анда алар депортация менен жазаланып, Россияга кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн»,-деди.

Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттардын 332 миңи Өзбекстан, 247 миңи Тажикстан, 152 миңи Украина, 120 миңи Азербайжан, 115 миңи Кыргызстан, 61 миңи Армения, 56 миңи Молдова, 49 миңи Казакстандын жарандары.



Тектеш кабарлар