Pfizer Ковид - 19 вакцинасында үчүнчү доза

Америкалык фармацевтикалык Pfizer компаниясы Ковид  - 19 эмдөөсүнөн өткөн кишилердин эң кеч 12 айдын ичинде үчүнчү доза вакцинага муктаж болушу мүмкүн экендигин жарыялады.

1622533
Pfizer Ковид  - 19 вакцинасында үчүнчү доза

Америкалык фармацевтикалык Pfizer компаниясы Ковид  - 19 эмдөөсүнөн өткөн кишилердин эң кеч 12 айдын ичинде үчүнчү доза вакцинага муктаж болушу мүмкүн экендигин жарыялады. Компаниянын жогорку мартабалуу жетекчиси Альберт Бурла : «Мүмкүн болгон сценарий боюнча, 6 жана 12 айдын арасында үчүнчү дозага муктаждык болот  жана адамдар жыл сайын кайрадан эмдөөдөн өтүш керек  Жаңы вирустун түрлөрүнүн чыгышы бул чечимди кабыл алууда маанилүү ролду ойнойт»,- деди.

Pfizerдин маалыматтарынын 2 000ден ашуун эмделген кишиге негизделгендиги бирок, коргоонун 6 айдан кийин улантылып же улантылбай тургандыгын белгилөө үчүн дагы көп маалыматка муктаждыктын  бар экендиги билдирилди.

Pfizer менен BioNTech февраль айында вирустун жаңы варианттарына каршы иммундук реакцияны жакшыраак түшүнүү үчүн Ковид-19 вакцинасынын үчүнчү дозасын сынашкандарын билдирген.

Johnson & Johnsonдун  жогорку мартабалуу башкаруучусу  Алекс Горскинин айтымында, адамдар мезгилдүү сасык тумоого каршы эмдөө сыяктуу эле жыл сайын Ковид-19 вакцинасын алышы керек.

 



Тектеш кабарлар