Владимир Зеленский менен Суга Йошихиде Украина чек арасындагы орус аскерлери тууралуу сүйлөштү

Зеленский Суганы өлкөсүнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата иш чараларга жана Крым платформасына чакырды.

1621383
Владимир Зеленский менен Суга Йошихиде  Украина чек арасындагы орус аскерлери тууралуу сүйлөштү

Украинанын президенти Владимир Зеленский Япониянын премьер- министри Суга Йошихиде менен Россиянын Украина чек арасындагы аскердик кымылдуулугу тууралуу сүйлөштү.

Укриана президенттигинен берилген маалыматка ылайык Зеленский япон премьер- министр менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өлкөсүнүн чека арасындагы орус аскердик бөлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Зеленский Сугага Украинанын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирип, G - 7 өлкөлөрүнүн, анын ичинде Япониянын колдоосунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Болгон окуяларды тыкыр иликте жатышкандарын белгилеген Суга, Украинаны толугу менен колдой тургандыгын билдирди.

Зеленский Суганы өлкөсүнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата иш чараларга жана Крым платформасына чакырды.



Тектеш кабарлар