Twitter Африкадагы биринчи кеңсесин Ганада ачат

Twitterдин жетекчиси Жек Дорси бул тууралуу билдирүү жасады.

1620179
Twitter Африкадагы биринчи кеңсесин Ганада ачат

Социалдык тармак Twitter Африкадагы биринчи кеңсесин Ганада ачат.

Twitterдин жетекчиси (CEO) Жек Дорси жеке баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Твиттер эми континентте (Африка) иштей баштайт. Гана жана Нана Акуфо-Аддого ырахмат»,-деди.

Гананын президенти Нана Акуфо-Аддо болсо Твиттердин Африкадагы иш-аракеттеринин борбору катары Гананы тандап алганы чоң жаңылык болгонун айтты.

Акуфо-Аддо, өкмөт менен коомчулуктун бул жарыяны жана Ганага болгон ишенимди кубаттагандарын билдирди.



Тектеш кабарлар