Ирандагы атомдук станциядагы кырсыктын аркасында Моссаддын бар экендиги айтылууда

Израиль коомдук каналы KAN станциядагы чыгымдын Ирандын билдиргенинен дагы чоң экендиги билдирди.

1619289
Ирандагы атомдук станциядагы кырсыктын аркасында Моссаддын бар экендиги айтылууда

Кечээ Ирандын Исфахан аймагындагы Натанц атомдук станциясында болгон кырсыктын аркасында Израиль чалгындоо кызматы Моссаддын бар экендиги айтылууда.

Оболу Натанц атомдук станциясындагы электр бөлүштүрүү түйүнүндө чыккан кырсык катары коомчулукка билдирилип, кийинчерээк террордук кол салуу экендиги тууралуу билдирүүлөр берилген окуя тууралуу Израиль коомдук каналы KAN тарабынанмаалыматтар берилди.

KANдын чалгындоо кызматкерлеринин берген маалыматы боюнча берген билдирүүсүндө окуянын аркасында Моссаддын бар экендиги жана станциядагы чыгымдын Ирандын билдиргенинен дагы чоң экендиги белгиленди.

Бул чыгымдынөлкөнүн уранды байытуу көлөмүнө сокку ургандыгы, окуянын да кокустук эмес экендиги билдирилди.

Кабарда Израиль кабинетинин Иран маселесин карап чыгуу үчүн 18 -апрель жекшемби күнү чогулары жана кабинет жыйынында Ирандын атомдук келишими үчүн жүргүзүлгөнсүйлөшүүлөр менен аймакта Иран менен болгон чыңалуунун сөз болору маалымдалды. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар