Белгилүү рэпчи DMX дүйнөдөн кайтты
DMX өткөн жумада жүрөгү токтоп ооруканага түшкөн.
1618508
Америкалык белгилүү рэпчи жана актер DMX дүйнөдөн кайтты.
DMX өткөн жумада жүрөгү токтоп ооруканага түшкөн.
Чыныгы аты Эрл Симмонс болгон ырчынын абалы 1 жуманын ичинде начарлап, вегетативдик жашоого кадам таштаган.
Анын үй-бүлөсү 50 жаштагы ырчынын көз жумганын кабарлады.
Белгилүү ырчы DMXтин альбомдору миллиондоп сатылган.
DMX ошондой эле Romeo Must Die киносунда да ойногон.