Байден жетекчилигинин биринчи бюджеттик сунушу

Ак үй 2022-жылга карата бюджеттик сунушту жарыялады.

1618445
Байден жетекчилигинин биринчи бюджеттик сунушу

 

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти (АКШ) Жо Байдендин 2022-жылга карата 1,52 триллион долларлык бюджеттик сунушу, коргонуу тармагынан тышкаркы каржылоолордо 16 пайыздык өсүү көздөөдө.

Ак үй АКШ Конгрессине берилген 2022-жылга карата 1,52 триллион долларлык бюджеттик сунушту жарыялады.

Буга ылайык, Байдендин биринчи бюджеттик сунушу саламаттык сактоо жана билим берүү сыяктуу социалдык программаларга каржылоолордо кыйла өсүштү максаттап жатат.

Коргонуудан тышкаркы чыгымдарга бөлүнгөн каражаттын бул мезгилде мурунку финансылык жылга салыштырмалуу 16 пайыздык өсүү менен 769 миллиард долларды түзүшү күтүлүүдө.  



Тектеш кабарлар