Мексика АКШнын иммигранттар тууралуу эскертти

Гватемала, Сальвадор АКШга эң көп иммигрант жиберген өлкөлөрдүн катарына кирет.

1617922
Мексика АКШнын иммигранттар тууралуу эскертти

Мексика АКШнын Гондурас, Сальвадор жана Гватемалага жыл сайын 2 миллиард доллар инвестиция салуусу керектигин,  антпесе бул өлкөлөрдөн качкындар агымы көбөйүп, туруктуу абалга келерин  жарыялады.

Тышкы иштер министри Марсело Эбрард Гондурас, Гватемала жана Сальвадорго инвестиция салуу сунушун киргизип, Вашингтон башкаруусунун бул тармакта биргелеше аракет кылышын күтүп жатышканын билдирди.

«Эгерде аймакка өзгөчө демография жана экономикалык жактан түрдүү көз караш менен карай турган болсоңуз келерки жылдарда качкын агымы көбөйүп жана туруктуу абалга келет»,- деген Эбрард АКШнын мындай абалда бул өлкөлөрдүн өнүгүшү үчүн жыл сайын 2 миллиард доллар сарпташы керектигин айтты.

Гватемала, Сальвадор АКШга эң көп иммигрант жиберген өлкөлөрдүн катарына кирет.

АКШнын Чек ара жана бажы көзөмөл кызматы 2-апрелде билдиргендей, март айында АКШ-Мексика чек арасынан өтүүгө аракет кылып кармалган иммигранттардын саны 171 миңден ашты, бул 2006-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.



Тектеш кабарлар